БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Ош облусунда ӨКМ жергиликтүү бийлик менен биргеликте күндүзгү стационарларга 1 200 орун даярдап жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, бул иштер ӨКМ министри Замирбек Аскаровдун буйругуна ылайык облустагы эпидемиологиялык абалды жөнгө салуу максатында жасалууда.
Бишкекте COVID, пневмонияга кабылгандар үчүн кошумча орун уюштурулду. Дареги
1 200дүн ичинен 300 орун Өзгөн районунда, 200 орун Кара-Суу районунда, 200 орун Ноокатта, 110у Кара-Кулжа районунда даярдалууда. Мындан сырткары, Араванда 200 орун, Алайда 100 орун, Чоң-Алай районунда 100 орун дагы бейтаптар үчүн камдалып жатканы айтылды.
Орундуктарды жеткирүү, коюу иштерине ӨКМдин Ош облусундагы кызматкерлери тартылган.