COVID: муфтият бейтаптар үчүн 1500гө жакын орун даярдады

Муфтий зарылчылык болсо өлкөдөгү 100дөн ашык диний окуу жайды, 3000дей мечитти да берүү маселеси карала тургандыгын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы обсервация жана күндүзгү стационар катары 1415 орунду пайдаланууга берүүгө даяр. Бул тууралуу муфтий Максат Токтомушев билдирди.

Анын айтымында, ал орундар өлкө аймагындагы 29 диний окуу жайларда даярдалды.

"Буга чейин жети диний окуу жай жергиликтүү бийлик менен макулдашып обсервацияга берилген. Эми элибизге республикадагы 29 диний окуу жайыбыздан 1415 орунду обсервация жана күндүзгү стационар катары пайдаланууга берүүгө даярбыз. Бул дин кызматкерлеринин элибизге болгон жардамы", — деди Токтомушев.

Облустар ооруну ооздуктоого кандай даярдык көрүүдө. Ачылган стационарлар

Ал ошондой эле зарылчылык болсо КРдеги 100дөн ашык диний окуу жайды, 3000дей мечитти колдонууга берүү маселеси карала тургандыгын айтты.