БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Борбор калаада өпкөнү сезгенткен ооруга чалдыккандардын саны тездик менен өсүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, калаада коронавирус жуктургандардын саны 3 617 адамга жетти. Бул республика боюнча ооругандардын 42 пайызын түзөт. Шаардын жака белиндеги конуштарда да кырдаал начарлап, 680 киши COVID-19 менен алышууда.
Батыралиев: пандемия 1-2 айда бүтүп калчу иш эмес
“Экономикалык ишмердүүлүктү жанданткандан кийин кырдаал оорлошо баштады. Пневмонияга чалдыккандардын саны тездик менен өсүп, соңку жылдарга салыштырмалуу бир нече эсеге көп катталууда. Көпчүлүк бейтаптар коронавирус аныкталганга чейин эле келип жатат. Бирок өлкөнүн дарыгерлери жана башкы пульмонологу бул коронавирус экендигин айтууда. Мындай дарттын өсүү динамикасы шаар тургундарына коркунуч жаратат”, — деди мэр.
Ошондой эле бүгүнкү күндө шаарда тогуз күндүзгү стационар ачылып, иштеп жатканын кошумчалады.
Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.