Көз каранды болбой... Баткендин Капчыгай айылынын өзүнөн суу чыкты

Айылды аралап өткөн Ак-Суу дарыясынан насос менен суу алып чыгуу боюнча ПРООН эл аралык уюмунун көмөгү менен колго алынган долбоор эки жылда ишке ашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Баткендин Тажикстанга чектеш Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү Капчыгай (Таңги) айылы суу менен камсыздалды. Бул тууралуу айыл өкмөтүнүн чукул кырдаалдар боюнча адиси Камчыбек Баймуратов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, айылды аралап өткөн Ак-Суу дарыясынан насос менен суу алып чыгуу боюнча ПРООН эл аралык уюмунун көмөгү менен колго алынган долбоор эки жылда ишке ашкан.

"Насос чек арага курулган эле. Тажик тарап менен бир канча талаш-тартыш болду. Документация ишинде, сууну чыгарууга тийиштүү мекемелерден уруксат алуу иштеринде да бир топ түйшүк жаралды. Ага карабай иш уланып, суу чыкты", — деди Баймуратов.

Баткендеги чек аралаш айылдарга 314 млн. сом бөлүнгөн. Акча кайда жумшалды

Ал белгилегендей, Капчыгай айылы ичүүчү жана сугат сууну мурда Тажикстандан алып келген.

Тажикстандын Ворух анклавы менен чектешкен Баткендин Капчыгай айылында 195 кожолук, 1000ге чукул эл жашайт.

Чек ара, жер, суу талашынан улам аймакта эки элдин ортосунда кагылышуулар чыгып келет. Тирешүү ок атышууга чейин жеткен учурлар да болгон.