Бою шып тиреген узун буттуу монголиялык кыз элди таң калтырууда. Сүрөт

29 жаштагы Рентсенхорлоо Рен Бад Монголияда төрөлгөн, бирок азыркы тапта Чикаго шаарында жашайт. Ал дүйнөдөгү узун буттуу кыздардын бири.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Монголиялык кыз болуп көрбөгөндөй узун буттары менен социалдык тармактын колдонуучуларын таң калтырды. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазган. 

29 жаштагы Рентсенхорлоо Рен Бад Монголияда төрөлгөн, бирок азыркы тапта ал Чикаго шаарында жашайт.

Басылманын билдирмесине ылайык, ал дүйнөдөгү узун буттуу кыздардын бири болуп эсептелет. Анын бою — 206 сантиметр, андан буту эле 134 сантиметр 11 миллиметр.

"Өзүмө узун буттарым аябай жагат. Кыска шым менен бийик такалуу бут кийим кийип аны башкаларга көргөзгөндү жакшы көрөм. Буттарым менин өзгөчө экенимди көрсөтөт", — деген Рентсенхорлоо Рен Бад.

Буттары баарынан да дүкөн кыдырганда, эшиктерден өтө албай калганда түйшүк жаратарын мойнуна алган.

"Эшиктен өтө албай кыйналам, алар мен үчүн абдан кыска. Дайыма сүзүп алам. Дүкөн кыдыруу — бул өзүнчө баш оору. Айрыкча бутума 46 өлчөмүндөгү бут кийим таба албай убара тартам", — деген ал.

Сулуу болом деп... Операциядан кийин бети төрт бурч болуп калган кыздын сүрөтү

Рентсенхорлоо бутунун арты менен жумуш тапканын айткан. Жакында эле ал бою узун кыздарга легинсы (кууш шым) чыгарган бренд менен кызматташа баштаган.