ТИМ: мекенге кайтууну көздөп 57 өлкөдөн КР жарандары кайрылды

Ниязалиев коронавирус инфекциясы жайылгандан бери мекенге 20 миңден ашык кыргыз жараны алып келингенин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Акыркы маалыматтар боюнча, 57 мамлекеттен дагы 7 812 мекендеш Кыргызстанга келүүнү көздөп, элчиликтерге жана консулдуктарга кайрылышкан. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев брифинг учурунда маалымдады.

Екатеринбургдан кайткан мекендештер менен чогуу медиктер да келди. Сүрөт

Анын айтымында, ТИМ өкүлдөрү кайрылган бардык мекендештер менен байланышта болуп, кеп-кеңештерин берип жатат.

Ниязалиев коронавирус инфекциясы жайылгандан бери мекенге 20 миңден ашык кыргыз жараны алып келингенин айтып, ага карабай өлкөгө кайтууну көздөгөн мекендештер көп экенин белгилеген.