БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. "Ганси" базасында ачылган ооруканада пневмония жана коронавируска чалдыккандарды дарылап жаткан ортопед Сабырбек Жумабеков ийне жана дары-дармек алып келүүнү суранды. Мындай кайрылууну ал Facebook баракчасына жазды.
"Урматтуу туугандар, "Гансидеги" менин медиктериме тамак-аш алып келбей эле койсоңор. Тамак бар, жетиштүү. Бизге азыр тез арада дары-дармек керек. Ким жардам берем десе, колдон келишинче алып берсеңер. Бизге акча бербегиле. Оптовый фирмаларда арзан болот", — деп кайрылды Жумабеков.
Жардам бергиле! Сабырбек Жумабеков олигархтарга кайрылды
Дарыгер алып келүүнү сураган медициналык каражаттар:
- Шприц 5,0 мл — 10 000 даана;
- Шприц 10,0 мл — 1000 даана;
- Физиологиялык аралашма (Физраствор) — 1 000 даана;
- Гепарин 1,0 — 100 коробка;
- Эуфиллин — 100 коробка;
- Кан куюу системасы — 5 000 даана.