Кечээтен бери пневмониядан 29 кишинин көз жумганы айтылды

Акыркы убакта өпкөсү сезгенип ооругандар көбөйүп, бул илдеттен улам каза болгондордун да саны өстү.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Акыркы суткада пневмониядан 29 киши каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди. 

Алардын ичинен 19 адам Бишкекте, калган 10 адам өлкөнүн башка аймактарында катталган.

Март айынан бери пневмониядан каза болгон адамдардын саны 224 адамга жетти.