Ошто ыктыярчы дарыгерлердин тизмеси түзүлүп, окутула баштады

Өз ыктыяры менен жардамга келген алгачкы сегиз дарыгер-ординатор 3-4 күн атайын окуудан өтүп, андан соң жумушка киришет.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Ош шаарында ыктыярчы медиктердин тизмеси түзүлүп, мэр Таалайбек Сарыбашов алгачкы ыктыярчы медиктерди кабыл алды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, өз ыктыяры менен жардамга келген алгачкы сегиз дарыгер-ординатор 3-4 күн атайын окуудан өтүп, андан соң жумушка киришет. Шаардык оорукана менен атайын келишим түзүлүп, айлык акы төлөнүп берилери кошумчаланды.

Силерсиз ооруну жеңе албайбыз! Боронов медициналык билими барларды ишке чакырды

Жолугушуу учурунда жаш дарыгерлер жардамга даяр экенин айтышып, алган билимин эл үчүн жумшай турганын баса белгилешкен.

Шаардык мэрия мындан башка медициналык билими бар жарандар да кайрылып жатканын кошумчалады.