БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда дагы 450 киши коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
- Бишкек шаары – 229;
- Чүй облусу - 84;
- Ош шаары - 32;
- Ош облусу - 23;
- Жалал-Абад облусу - 47;
- Баткен облусу - 10;
- Ысык-Көл облусу - 13;
- Нарын облусу - 11;
- Талас облусу - 1.
Ушуну менен өлкө аймагында коронавирус илештирип алгандардын жалпы саны 8 141ге жетти. Бүгүнкү күндө стационарда 602 бейтап бар, анын 21и реанимацияда. Үй карантининде 4 524 киши дарыланууда.
Калкка жардам көрсөтүү үчүн ыктыярчылар изделүүдө
Соңку кабарлар менен Sputnik Кыргызстан деп аталган Telegram каналыбызга да кирип таанышып турсаңыз болот.