Депутат Чыныбай Турсунбековдун сөөгү бүгүн жерге берилет

Депутат пневмонияга чалдыгып Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткан. Тилекке каршы, айыга албай кечээ кечинде үзүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбековдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, эл өкүлүнүн сөөгү бүгүн, 7-июлда, 12.30да Бишкектеги үйүнөн чыгарылат.

Абалы кескин начарлап кеткен. Чыныбай Турсунбеков реанимацияда үзүлгөн

Андан соң “Ала-Арча” көрүстөнүндө митинг-реквием өтүп, саат 14.00дө жерге берилет.