БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Эртеңден тарта Бишкек шаарында дагы күндүзгү төрт стационар иштей баштаарын мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
8-июлдан тарта саат 8ден кечки 20.00гө чейин төмөнкү төрт жерден медициналык жардам берүү башталат.
Дареги:
- Биринчи май району — №83 мектеп (Патрис Лумумба көч., 9);
- Ленин пайону — №68 мектеп (Токтогул көч., 220);
- Свердлов району — №94 мектеп (Дордой-13 көч., 487/4. Дордой конушу);
- Октябрь району — “Сейтек” мектеби (Анкара көч., 1/10).
Өкмөт кырдаалды кантип жөнгө салууда? Бороновдун билдирүүсүнүн кыскача тизмеги
“Бул жерлерде сасык тумоо оорусуна (ОРВИ) кабылгандар кайрылып, дарыгердин кеңешин, андан сырткары асма укол алып же ийне сайдырып кете алат”, — деп билдиришти маалымат кызматынан.
Мэрия стационарлар оор абалдагы бейтаптар үчүн эместигин кошумча кабарлашты.
7-июлга карата Кыргызстанда дагы 450 киши коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Өлкө аймагында коронавирус илештирип алгандардын жалпы саны 8 141ге жетти. Бүгүнкү күндө стационарда 602 бейтап бар, анын 21и реанимацияда. Үй карантининде 4 524 киши дарыланууда.
Соңку кабарлар менен Sputnik Кыргызстан Telegram-каналыбыздан таанышып турсаңыз болот.