Жээнбеков Эрдоган менен коронавируска биргеликте каршы турууну талкуулады

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттешүүнү өркүндөтүү боюнча үстүбүздөгү жылга биргелешкен пландарды белгилешти.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Түркия өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө өлкө башчылар эки жактуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашканы айтылат.

"Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттешүүнү өркүндөтүү боюнча үстүбүздөгү жылга коюлган пландарды белгилешти. Ошондой эле коронавирус инфекциясын жайылтпоо жаатында мындан ары биргелешкен чараларды көрүү маселелерин талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, акыркы маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 7 691ге жетти. Азыр стационарда 625 киши дарыланууда, анын 22си реанимацияда жатат. 2 843 киши ооруканадан чыгарылса, март айынан бери 92 адам көз жумду.