Жээнбеков өкмөт мүчөлөрү менен Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат

Жыйында соңку кырдаал боюнча вице-премьер, саламаттык сактоо министри жана Бишкек шаарынын мэри маалымат берет.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, азыркы тапта өтүп жаткан жыйынга мамлекеттик органдардын жетекчилери, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери жана райондордун акимдери катышууда. 

Жээнбеков өкмөт мүчөлөрү менен Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат
“Өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык кырдаал маселеси жана коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маселе каралып жатат”, — деп айтылат маалыматта.

Маалыматты так берип тургула. Жээнбеков министр Абдикаримов менен сүйлөштү

Жыйын видеоконференция форматында өтүүдө. Анда вице-премьер Аида Исмаилованын, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун жана Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун коронавируска каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтары угулууда.