Соль-Илецкиден 963 кыргызстандык Бишкекке алып келинди, дагы 12 автобус жолдо

Мекендештерди автобус менен алып өтүү үчүн Казакстан тарап транзиттик коридор ачып берүүгө макулдугун берген.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Россиянын Соль-Илецк шаарынан 963 кыргызстандык автобус менен Бишкекке алып келинди. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мекендештерди автобус менен алып өтүү үчүн Казакстан тарап транзиттик коридор ачып берүүгө макулдугун берген.

"Бүгүн, 6-июлда, 20 автобустан турган колоннанын биринчи партиясы Кыргызстанга келди. Экинчи партиясында 12 автобус менен 533 жаран учурда Казакстандын аймагында келе жатат. Аларды коңшу өлкөнүн Жол полициясы коштоодо", — деп жазылат билдирүүдө.

Соль-Илецкиде турган кыргызстандыктарды алып келүүгө транспорт кыргыз өкмөтү тарабынан берилген.

Россиядан келген кыргыз дарыгерлери кайсы ооруканада иштей турганы айтылды

Тышкы иштер министрлиги мекендештерди эл аралык каттамдар ачылмайынча Россия менен Казактсандын чек арасына келип албоого чакырат. Ошону менен бирге Москва, Новосибирск, Екатеринбург шаарларынан чартердик каттамдардын саны көбөйтүлгөнүн эскертти.