БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Россиядан өз ыктыяры менен Бишкекке жардам берүүгө келген кыргыз медиктери Улуттук госпиталда иштешет. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, Улуттук госпиталда пневмонияга чалдыккандарды кабыл алчу 200 орун даярдалган. Россиядан келген 23 медик ошол жакка бөлүндү.
“Негизги жумушу башка өлкөдө болсо да кайдыгер карабай, Кыргызстандагы абалды түшүнүп жардам берели деп келишти. Аларга ыраазчылык билдирем”, — деди Каратаев.
Кечээтен бери коронавирустан төрт бейтап кайтыш болду
Ошондой эле ал, мындан сырткары, 106 медицина кызматкери өлкөнүн ар аймагынан келип борбор калаадагы кесиптештерине жардам берип жатканын кошумчалады.
Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.