ӨКМ обсервациядагылар кандай тамактанып жатканын көрсөттү. Сүрөттөр

6-июлга карата берилген маалыматта Кыргызстанда дагы 314 кишинин коронавирус жуктуруп алганы айтылды. Өлкөдө COVID аныкталган адамдардын жалпы саны 7 691ге жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Обсервацияда жаткандарды азык-түлүк менен камсыздоо милдети жүктөлгөн Өзгөчө кырдаал министрлиги бейтаптарга берилип жаткан тамак-аштын сүрөтүн жарыялады.

ӨКМдин маалыматында обсервацияда жаткан жарандар үчүн үч маал ысык тамак уюштурулганы айтылат. Мындай аракеттер өлкөнүн бардык аймагында көрүлүп жатканы белгиленди.

Соль-Илецкиден 963 кыргызстандык Бишкекке алып келинди, дагы 12 автобус жолдо

6-июлга карата берилген маалыматта Кыргызстанда дагы 314 кишинин коронавирус жуктуруп алганы айтылды. Өлкөдө COVID аныкталган адамдардын жалпы саны 7 691ге жетти.

Азыр стационарда 625 киши дарыланууда, анын 22си реанимацияда жатат. 2 843 киши ооруканадан чыгарылса, март айынан бери 92 адам көз жумду.

Маалыматтарды Sputnik Кыргызстан деп аталган Telegram-каналыбызга да кирип окуп турсаңыз болот.