БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында облустар аралык каттамды токтотууну сунуштады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жээнбеков бүгүн Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынын видеоконференция форматында өткөрдү.
"Учурда катаал карантиндик режим киргизүүнү сунуштап жаткандар болууда. Кырдаалга карап Республикалык штаб бир чечим кабыл алышы керек. Азыркыдай абалда облустар аралык транспорт каттамын токтотууну карап чыгууну сунуштайм", — деди Жээнбеков.
Кырдаалды болжой албай дүрбөлөңгө түшүрдүңөр! Жээнбеков өкмөт менен министрди тилдеди
Мындан сырткары, мамлекет башчы буга чейин той-мааракелерге тыюу салуу боюнча сунуш бергенин эске салган.
"Мен Жогорку Кеңештин жыйынында массалык иш-чараларга расмий түрдө тыюу салууну карап көрүүнү сурангам. Республикалык штаб бул боюнча расмий чечимин чыгарып койсо туура болот деп ойлойм", — деди президент.
Ошондой эле Жээнбеков коронавирус менен күрөшүүгө багытталган иштерге каражат өз убагында бөлүнүшү керектигин баса белгилеген.