БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 41 бейтап айыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда маалымдады.
Анын айтымында, айыккандардын саны өлкөдө 2 843кө жетти.
Бүгүн өлкө боюнча 314 кишиден коронавирус чыкты
Бир суткада коронавирустан айыккандар:
- Бишкек — 25;
- Чүй облусу —1;
- Ош шаары — 8;
- Ош облусу — 3;
- Баткен облусу — 2;
- Жалал-Абад облусу — 2.
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 7 691ге жетти.