Каратаев: Бишкектеги дарыгерлердин 30%ы ооруп калды

Жалпы республика боюнча COVID-19ду илештирип алган дарыгерлердин саны 1 147ге жетти, анын 503ү стационарлардан айыгып чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Бир суткада 50 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө медиктердин жетишсиздиги курч маселеге айланды. 

"Азыр борбор калаада аймактардан келген 106 дарыгер иштеп жатат. Анткени Бишкекте медиктердин 30 пайыздан көбү ооруп же байланышта болгону үчүн обсервацияда жатат. Ошондуктан бүгүн кадр жетишсиздиги байкалууда", — деди Каратаев.

Россиядан келген кыргыз дарыгерлери кайсы ооруканада иштей турганы айтылды

Бир суткада вирусту жуктуруп алган ак халатчандардын 23ү Бишкек шаарында, Ош менен Чүй облустарында төрттөн, жетөө Ош шаарында, алтоо Нарын облусунда, бешөө Ысык-Көл облусуда жана бирөө Баткен облусунда.

Каратаев ошондой эле үч медицина кызматкери айыккандыгын кошумчалады.

Жалпы республика боюнча COVID-19ду илештирип алган дарыгерлердин саны 1 147ге жетти, алардын 503ү стационарлардан айыгып чыккан.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.