Дүйнөлүк уюм Россиянын COVID-19га каршы чыгарган вакцинасына кызыгып жатат

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Коронавируска каршы медициналык дарылардын тилектештик тести боюнча иш алып барууда. Бирок ага ири державалардын адистери катыша элек.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Россиянын COVID-19га каршы чыгарган вакцинасына кызыгып жаткандыгын аталган уюмдун башкы илимий кызматкери Сумия Сваминатан айтты. Бул маалыматты Sputnik радиосу таратты.

"Биз авифавир боюнча изилдөө, сыноо жүргүзүлүп жаткандыгын билебиз. Эки же үч дарыны тесттен өткөрүшүүдө, жыйынтыгын күтүп жатабыз. Мындан сырткары, россиялык вакцинага да кызыгуу бар", — деп айтып берген РИА Новостиге.

Сваминатан россиялык адистер вакцинаны иштеп чыкчулардын тилектештик тести менен кызматташууга макул болот деп үмүттөнүп жаткандыгын билдирген.

Россияда COVID-19га каршы вакцинаны сайдыргандардын абалы айтылды

Учурда Россия, Кытай, Улуу Британия, Франция жана АКШ Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өткөрүп жаткан Коронавируска каршы медициналык дарылардын тилектештик тестине катышпай турат.

Россия өзү COVID-19га каршы бир учурда бир нече вакцина иштеп чыгып жатат.

"Вектор" борборунун адистери түзгөн үч вакцинанын прототиби сыноодон ийгиликтүү өттү. Мындан сырткары, учурда Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институту менен биргеликте Коргоо министрлиги вакцинаны сыноону улантууда.

Россия COVID-19га каршы вакцинаны кантип сынап жатат. Ыктыярчылар тартылган видео

Жон Хопкинс университетинин акыркы маалыматтарына ылайык, жер жүзүндө коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 11 миллион 564 миң 185ке жеткен. Илдеттен 536 миң 893 адам каза болгону айтылат.

Ал эми Кыргызстанда 7 691 учурга жетти. 2 843 адам сакайып, ооруканадан чыгарылса, тилекке каршы 92 жаран каза тапты.

Маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын Telegram-каналына да кирип окуп турсаңыз болот.