Бул күндөр да өтөт, ошондо сүйлөшөбүз! Түлөбаев дары алып саткандарга кайрылды

Мэриянын өкүлү эпидемиологиялык кырдаалда элдин чөнтөгүнө күч келтирбей, тескерисинче, колдой турчу убак келгенин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев дары каражаттарын алып сатуу менен алектенип жаткандарга кайрылып, мындай иштерге баргандар жооп бере турганын эскертти.

Түлөбаев маалымат жыйында азыр элди колдой турчу убак экендигин белгилеген.

"Дары-дармектерди алып сатуу менен алектенип жаткандарга кайрылып кетер элем. Биз баарын көрүп жатабыз, бул күндөр да өтөт. Ошондо биз силер менен сүйлөшөбүз. Элдин арыз-муңунан, көз жашынан акча жасаганды токтоткула. Ар кандай имиштерди чыгарып, дары сатканыңарды койгула. Андан көрө элди колдогула. Убагы келгенде алар силерге ыраазы болот", — деди аппарат башчысы.

Пневмония же грипптин жеңил түрүнө кабылгандар кайрылчу стационарлардын иш тартиби

Ушул жумада Бишкек мэриясы фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуп, препараттардын кымбатташы боюнча сүйлөшкөн. Ал эми фармкомпаниялардын өкүлдөрү баа саясатын дары ташып келгендер түзөрүн белгилешкен.