БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкектеги Архив агенттиги карантинге жабылды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аталган агенттик Токтогул көчөсү, 105 дарегинде жайгашкан.
Жээнбеков өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча пикирин айтты
"Ал эми өлкө боюнча бардык аймактык архивдер аралыктан иштөө режимине өтүштү. Алардын ишин көзөмөлдөп туруу үчүн саналуу гана кызматкер нөөмөткө туруп иштешет. Эгер Архив агенттигинин ишмердүүлүгү боюнча суроолор жаралып калса, 119 кыска номерине чалыңыздар", — деп жазылат маалыматта.
Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарды кабыл алынган чараларды түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.