Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы Жанара Турдакунова пневмониядан каза болду

Жанара Турдакунова эки тараптуу пневмония оорусуна чалдыгып, борбор калаадагы ооруканалардын биринде жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы Жанара Турдакунова көз жумду. Кабарды экс-депутаттын кесиптештери тастыктады.

Маалыматка караганда, Жанара Турдакунова эки тараптуу пневмония оорусуна чалдыгып, Улуттук госпиталда жаткан. Бул илдеттин кесепетинен бүгүн, 6-июлга караган түнү, көз жумган.

Алмамбет Шыкмаматов менен жубайы Жанара Турдакунова үч уул, бир кызды тарбиялап жатышкан.

Кыргызстанда бир суткада пневмониядан 18 киши ажал тапты

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.