Россияда ишсиз калган мекендештерге элчилик жумуш сунуштоодо

Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн сайттарында, ошондой эле социалдык түйүндөрүндө 4 миңден ашык жумуш орду боюнча маалымат жайгаштырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги РФте ишсиз калган мекендештерге жумуш таап берүү боюнча жардам сунуштап жатканын эскертти.

"Элчилик жарандарыбызга Россиянын аймагында эмгектенүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүү максатында бош жумуш орундарын издештирүү боюнча иш алып барып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, бүгүнкү күндө элчиликтин жана Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн сайттарында, ошондой эле социалдык түйүндөрдө (Instagram – predstavitelstvo_migrasii_kr; FaceBook – Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгү) 4 миңден ашык жумуш орду боюнча маалымат жайгаштырылган.

Россиядан Кыргызстанга жардам берем деген 26 медик жолго чыкты

Жумуш издеп жаткан мекендештер Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүнө төмөндөгү дарек, байланыш телефондору аркылуу кайрылса болору айтылат.

Дарек: Москва ш., Малая Полянка көч. 12A. Тел.: +7 (977) 597 37 03; +7 (901) 706 13 56 (WhatsApp); + 7 (901) 761 11 96; +7 (980) 078 03 32; + 495 780 74 12, + 495 780 74 10, + 495 780 74 12.

Электрондук почта: predmigration@mail.ru.