Пробация кардарынын эркиндигин чектөөдө негизги жети жана кошумча 10го чукул эреже бар. Бул тууралуу Руслан Романов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, сот жообуна тартылып пробация кардары болуп эсептелген адамдын эркиндиги кызматкерлердин көзөмөлүндө болот.
"Пробация кардарына аталган институт көмөк көрсөтүп эле тим болбостон, бир топ милдеттерди да бекитет. Алардын негизгиси болуп пробация органдарынын уруксатысыз өлкөдөн чыкпоого, сот өкүмү чыккандан кийин 10 күн жашаган дареги боюнча пробация органына каттоого турууга, алардын белгилеген убактыларында барып турууга милдеттендирилет. Ошондой эле жашаган, иштеген же окуган дареги алмашса дароо билдирип, сот өкүм кылган милдеттерди өз убагында аткарып жана аны кабарлап туруусу шарт. Мындан сырткары, алкоголдук, психотроптук же баңгизаттарын колдонбоосу, эгер карамагына алган улгайган адам же жаш балдар болсо, аларды багуусу, сот тарабынан бекитилген убакыттан башка учурда көчөдө жүрбөөсү, кылмыш учурунда келтирилген чыгым соттун өкүмүндө көрсөтүлгөн болсо аны берилген мөөнөттө калыбына келтирүүсү керек", — деди Романов.
Ал мындай эрежелер жашы жете электерге да колдонуларын кошумчалады.