Көбү Бишкектен. Суткада пневмониядан дагы 26 киши каза болду

Өпкөсү жабыркап каза болгондордун 17си Бишкектен, калганы аймактар боюнча катталган. Жалпы көз жумгандардын саны 177ге жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде пневмониядан 26 бейтап каза болгонун Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, каза болгондордун 17си Бишкектен, калган тогузу аймактар боюнча катталган.

Коронавирустан өткөн суткада 10 киши өтүп кетти

Март айынан бери пневмониядан каза болгондордун саны 177 адамга жетти.