Россиядан Кыргызстанга жардам берем деген 26 медик жолго чыкты

Дарыгерлердин авиабилеттери демөөрчүлөрдүн берген каражатына сатып алынган. Алар менен чогуу дагы 400гө чукул кыргызстандык мекенине келе жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Москвадан 26 кыргызстандык ыктыярчы-дарыгер Бишкекти көздөй учуп чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Аталган чартердик каттам менен жалпы 424 кыргызстандык келе жатат. Алардын арасында эки жашка чыга элек 26 ымыркай, 30дан ашуун кош бойлуу келин бар.

"Тизмеге ар кандай категориядагы мекендештер кирди. Арасында оор жагдайга кабылган жана Кыргызстанга кетүү үчүн кезеги Республикалык штаб тарабынан каржыланган жатаканаларда эки айдан бери күтүп жаткан 28 жаран учуп кетти", — деп айтылат мааламытта.

Бүгүн Кыргызстанда дагы 283 адам коронавирус жуктуруп алды

Мындан тышкары, элчилик президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен "эконом-класс" билеттеринин баасын Москва шаарынын өкмөтү тарабынан бөлүнгөн атайын субсидия аркылуу төмөндөтүүнү иштеп чыкканын кабарлады. Мындан улам билеттин баасы 10 180 рублди түзгөн.