Кыргызстанга Кытайдан 500 кычкылтек концентратору алып келинди. Сүрөт

Кычкылтек концентраторлору ыкчам тартипте коронавирус инфекциясынан жана өпкө сезгенүүсүнөн жабыркаган бейтаптар дарыланып жаткан медициналык мекемелер арасында бөлүштүрүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Сатып алынган 500 кычкылтек концентратору чартердик каттам менен Кытайдан алып келингенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жуманын башында өкмөт тарабынан кычкылтек концентраторлорун жана пульсоксиметрлерди сатып алууга 50 миллион сом бөлүнүп, сүйлөшүүлөр башталган.

Көбү Бишкектен. Суткада пневмониядан дагы 26 киши каза болду

Вице-премьер Аида Исмаилованын айтымында, бүгүн кычкылтек концентраторлорунун биринчи партиясы келди, кийинки жумада дагы 500 даана келиши күтүлүүдө.

Кычкылтек концентраторлору ыкчам тартипте коронавирус инфекциясынан жана өпкө сезгенүүсүнөн жабыркаган бейтаптар дарыланып жаткан медициналык мекемелер арасында бөлүштүрүлөт. Жабдуулардын бир бөлүгү COVID-19 жана пневмонияга каршы күрөш жүргүзүү үчүн ачылган медициналык мекемелерди жабдуу үчүн өлкө аймактарына жөнөтүлмөкчү.