БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 32 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
- Бишкек шаары – 11;
- Чүй облусунда – 9;
- Ош шаары – 2;
- Ош облусунда – 2;
- Нарын облусунда – 2;
- Баткен облусунда – 1;
- Ысык-Көл облусунда – 5.
Ал эми бир суткада 10 медик ооруканалардан айыгып чыкты.
Коронавирустан өткөн суткада 10 киши өтүп кетти
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 1097 учур катталды, алардын ичинен 500 медик стационарлардан айыгып чыккан.