БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. 6-июлда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жана Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бийик тоолуу өрөөндөргө кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +23…+28, Таласта +22…+27, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +28…+33, Ысык-Көл менен Нарында +20…+25 градус жылуу болот.
Ал эми Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы баш калаада +25…+27, Ошто +31…+33 жана Чолпон-Атада +21…+23 градуска дейре жетет.