Чүйдө беш жүздөн ашык киши жата турган дагы 21 стационар ачылды

Стационарлар ооруканага жатуу зарылчылыгы жок бейтаптардын тамчылатма жана башка уколдорду алуусу үчүн ачылды.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Чүй облусунун райондорунда 515 кишиге ылайыкталган 21 күндүзгү стационар уюштурулду. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, стационарлар ооруканага жатуу зарылчылыгы жок бейтаптардын тамчылатма жана башка уколдорду алуусу үчүн ачылды. Анын жанында дарыканаларды уюштуруу дагы каралып жатат.

Пневмония же грипптин жеңил түрүнө кабылгандар кайрылчу стационарлардын иш тартиби

Күндүзгү стационарлар муктаждыкка жараша көбөйтүлө турганы кошумчаланды.

Кечээ ӨКМ билдиргендей, стационарлар Сокулук, Жайыл, Москва, Ысык-Ата, Кемин жана Чүй райондорундагы интернат, бала бакча жана спорт мектептерде даярдалды.