Бишкектеги күндүзгү стационарлардын номери өзгөрдү. Тизме

Күндүзгү стационар борборлоруна келүү пневмония же грипп илдетинин жеңил же орточо оор формасы менен жабыркап жаткан бейтаптарга сунушталат.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бишкекте пневмонияга жана гриппке кабылган бейтаптарга арналган стационарлардын байланыш номерлери өзгөрүп кетти. Жаңылары менен шаардык муниципалитет бөлүштү.

Маалыматта белгиленгендей, стационарларга чалгандан тышкары түз эле барса болот. Алар эртең мененки саат сегизден кечки сегизге чейин иштейт.

Күндүзгү стационар борборлорунун даректери жана номерлери:

  • Ленин району — "Газпром" ден соолукту чыңдоочу комплекси (Жайыл баатыр көч., 66). Номери 0550044312;
  • Биринчи май району — Кожомкул атындагы спорт сарайынын имараты. Номери 0550037312;
  • Свердлов району — Санатбаев атындагы ден соолукту чыңдоочу комплекс (Чыгыш-5 кичи району). Номери 0550042312;
  • Октябрь району — Чиркөөнүн жанындагы наабайкананын имараты (Түштүк магистраль). Номери 0550039312.

Ош шаарында оорукана катары 500дөн ашуун орун даярдалып жатат. Сүрөт

Эске сала кетсек, күндүзгү стационар борборлоруна келүү пневмония же грипп илдетинин жеңил же орточо оор формасы менен жабыркап жаткан бейтаптарга сунушталат. Ал жерден кеңеш суроого, капельница жана дары-дармек алууга болот.