БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, бул жумада борбор калаада күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 6-июлда 14 метрге жетет.
Чүй, Талас облустары
6-июлда Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жамгыр, тоолорго кар жаашы күтүлөт. Чүйдүн кээ бир айылдарында нөшөр болот.
7-июлда эки облуста тең күн ачык болот.
8-9-июль күндөрү тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жамгыр жаайт, өрөөндөрдө күн ачык болору айтылат.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
6-7-июлда тоолуу региондордо жамгыр жааса, дыйканчылык аймактарында күн ачык болот.
8-июлда күндүз, 9-июлда түнкүсүн тоо этектеринде жамгыр жааса, өрөөндөрдө аба ырайы бузулбайт.
Ал эми 9-июлда күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абаддын тоолуу аймактарында жамгыр жаайт.
Июлда мээ кайнаткан ысык болобу? Аба ырайынын келерки айга божомолу
Ысык-Көл облусу
6-июлда көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, тоолорго кар түшүшү ыктымал.
7-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо жамгыр жаап, күндүз аба ырайы ачык болот.
8-9-июлда кээ бир райондордо жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Нарын облусу
6-июлда көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. 7-8-июлда күн ачык болот, бирок 9-июлда күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаай турганын синоптиктер билдирди.
10-11-июль күндөрү өлкөнүн кээ бир райондорунда жамгыр жаайт, бирок негизинен абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.