Бишкек: спорт залдар бейтапка алгачкы жардам көрсөтүү үчүн даярдалууда. Сүрөт

Бул жайларга оорунун жеңил түрү менен ооруган шаардыктар келип медиктерден кеңеш алып, укол сайдырып кетишет.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы спорт залдар бейтаптарга алгачкы жардам көрсөтүү үчүн даярдалып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, бул жерге сасык тумоонун (ОРВИ) орточо жана жеңил түрүнө, пневмонияга кабылган шаардыктар келип медиктерден кеңеш алып кетишет.

"Бүгүн кечке чейин калаанын төрт районунда орундарды даярдап бүтөбүз. Бул күндүзгү стационар болот. Орточо абалдагы жарандар келип текшерилип, укол алып кечинде үйүнө кете беришет. Спорт залдардын жанына дарыканалар уюштурулат. Медиктер жазып берген дарыны алыс барбай эле сатып алышат", — деди Түлөбаев.

Жардам бергиле! Сабырбек Жумабеков олигархтарга кайрылды

Белгилей кетсек, Бишкек менен Чүйдө абал күн сайын оорлошуп, коронавирус жана пневмонияга чалдыккандарды кабыл алууга ооруканаларда орун тартыш болууда. Ошону менен катар медициналык жабдуулар, дарыгерлер жетишпей жатканы айтылып келет.

Коронавирус боюнча кырдаал

Өлкө боюнча COVID илештирип алгандардын жалпы саны 7094. Анын 2714ү айыгып, тилекке каршы, 78 киши көз жумду.

Ноокаттык медиктер кан куюп COVID-19дан айыктырышууда. Дарыгер Марипов менен маек

Коронавирустун кесепетинен келип чыккан пневмония оорусуна март айынан бери 3009 адам чалдыкты. Бүгүнкү күндө анын 736сы айыгып чыкты. Ал эми 496 адамдын абалы оор, 153 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.