Песков Путиндин "унутуп калган" көйнөгүн саткан жарнама боюнча айтып берди

Жарнамада көйнөк отелдин номерин тазалап жатканда табылгандыгы, бирок андан кийин атайын жуулбагандыгы, эгерде керек болсо сатуучу аны экспертизага берүүгө даяр экендиги айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Интернеттеги "Россия президенти Владимир Путиндин унутуп таштап кеткен көйнөгү сатылат" деген кабарга лидердин маалымат катчысы Дмитрий Песков комментарий берип, ага ишенбеш керектигин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Элге белгилүү болгон сайттардын бирине "Нижний Новгород аймагындагы Sheraton мейманканасына президент Путиндин унутуп таштап кеткен көйнөгү сатылат" деген жарнама чыккан. Анда көйнөк отелдин номерин тазалап жатканда табылгандыгы, бирок андан кийин атайын жуулбагандыгы, эгерде керек болсо сатуучу аны экспертизага берүүгө даяр экендиги айтылган. Көйнөк 165 миң рублга бааланган. Путин аталган шаарда соңку ирет 2019-жылдын 10-ноябрында Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү боюнча президенттин алдындагы кеңештин отурумуна катышкан.

Путин жыйында калемин столго ыргытып жиберип, министрлерден отчёт сурады. Видео

Сатуучу көйнөк дагы деле сатыкта экендигин айткан. Анын сөзүнө караганда, "кийимдин президентке таандык экендиги боюнча жазылган эч кандай атрибуттар жок, бирок зарыл болсо ДНК-экспертизага берүүгө даяр".

Песков мындай кулактандырууларга ишене берүүгө болбой тургандыгын айткан.

"Жок. Андай болууга мүмкүн эмес", — деген ал көйнөк чын эле президентке таандык болушу мүмкүнбү деген суроого жооп берип жатып.

Путин буга чейин журналисттерге кабинетиндеги жашыруун бөлмөсүн көрсөтүп, ал ЖМКлардын эле эмес, коомчулуктун дагы кызыгуусун жараткан.