Ошко Москва шаарынан 148 кыргызстандык учуп келди

Келгендердин арасында төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана 2 жашка чейинки жаш баласы бар аялдар бар.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. "Ош" эл аралык аэропортуна бүгүн Москва-Ош каттамы менен 148 кыргызстандык жаран кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Алар "Авиатрафик Компани" авиакомпаниясынын чартердик рейси менен келип түштү.

"Келгендер төрөтү жакындап калган кош бойлуу жана 2 жашка чейинки жаш баласы бар аялдар. Андан сырткары оор илдети бар жана жакын туугандары каза болгондугунан улам мекенине чукул түрдө кайтышы зарыл болгон жарандар", — деп айтылган маалыматта.

Бүгүн Түркиядан 237 кыргызстандык мекенине алып келинди

Кыргызстанга келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондугуна байланыштуу, бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москванын Кыргыз медициналык клиникасынан жана Россиядагы Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлеринен турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

Маалыматта чет мамлекеттерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтарууну уюштуруу иштери улантылары айтылган.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.