Индияда той өткөргөн жигит каза болуп, 100дөн ашык конок COVID жуктурду

Дарыгерлер бардык конокторду коронавируска текшерип, 113үнөн вирус тапкан. Айрымдары башка адамдарга да жуктурганга жетишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Индиянын 30 жаштагы тургуну үйлөнүү той өткөрүп, 100дөн ашык адамга коронавирус жуктурган. Бир нече күндөн кийин өзү ооруканага жетпей, жолдон көз жумган.  Бул тууралуу The Indian Express жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 14-июлда өткөн тойдо Бихар штатында өтө көп адам инфекцияны жуктуруп алган. Инженер-программист болуп иштеген маркум май айынын соңунда айылга үйлөнүү үчүн келген.

"Үйлөнүү тойго чейин ал өзүн жаман сезип, мааракени жылдырууну сунуштаган. Бирок эки жактын үй-бүлө башчылары каршы чыгышкан. Алар эгер той жылса, чоң финансылык кыйынчылыктарга дуушар болорун жүйө кылган", — деп айтып берген туугандардын бири.

Хабибдин атасы Абдулманап Нурмагомедов каза болду

Жаш жубайлардын жакындары той өткөрсө, COVID-19 жукпайт деген ойдо болгон. Жыйынтыгында ага 350 конок чакырылып, үйлөнгөн жигит дене табын түшүрүү үчүн парацетамол ичип жүргөн. Эки күндөн кийин анын абалы өтө начарлап, ооруканага бараткан жолдо көз жумган.

Дарыгерлер бардык конокторду коронавируска текшерип, 113үнөн вирус тапкан. Айрымдары башка адамдарга да жуктурганга жетишкен.