Ленин районунда бейтаптарды кабыл алуу башталганын мэриядан билдиришти.
Видеодон биринчи бейтаптар кирип, кезекке туруп калгандыгын көрүүгө болот.
Стационарды даярдоо иштерине куткаруучулар да тартылган. ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Адилбек Чаргыновдун айтымында, куткаруучулар түнү бою керебеттерди коюп чыккан.
Мэрия 530 орундук коюлгандыгын билдирди. Мындан мурдараак ар бир жайда 200 орун бар экендигин айткан эле.
Күндүзгү стационарлардын дареги:
- Ленин району – "Газпром" Ден соолукту чыңдоочу комплекси (Жайыл баатыр көч., 66)
- Биринчи май району – Кожомкул атындагы Спорт сарайынын имараты
- Свердлов району – Санатбаев атындагы Ден соолукту чыңдоочу комплекс (Чыгыш-5 кичи району)
- Октябрь району – Чиркөөнүн жанындагы наабайкананын имараты (Түштүк магистраль)
Пневмониядан дарылоо үчүн Бишкекте дагы үч стационар ачылды. Дареги