Ноокат РИИБдин жетекчи орун басары 50 миң сом пара менен кармалды

Милиционер арыздануучунун сотко чейинки өндүрүш ишин оң жагына чечип берүү үчүн 80 000 сом опузалап талап кылып кылганы аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Ош облусунун Ноокат РИИБинин жетекчисинин убактылуу орун басары жана Тергөө кызматынын башчысы С.А. 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, министрликтин Ички иликтөө кызматына Т.А. аттуу жаран кайрылган. Арыздануучу Ноокат РИИБдин кызматкери ага карата сотко чейинки өндүрүштү оң жагына чечип берүү үчүн 80 000 сом талап кылып жатканын айткан.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмүндө ("Опузалап пара алуу") көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды

2-июль күнү Ички иликтөө кызматы менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү иш бөлмөсүнөн 50 миң сом пара алып жаткан С.А. аттуу кызматкерди кармашкан. Ал Ноокат РИИБ жетекчисинин орун басарынын милдетин убактылуу аткарып турган, ошондой эле Тергөө кызматынын башчысы, милициянын майору болгон.

Учурда Финполиция тарабынан иликтөө иштери уланууда.