Өлкөдө дагы 506 адам коронавирус жуктурганы белгилүү болду

Ушу тапта коронавирустан да пневмония дарты күчөп жатат. Март айынан бери өпкөсү сезгенип 97 киши каза болду.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Бүгүн өлкө аймагында дагы 506 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

  • Бишкек шаары – 230;
  • Чүй облусу - 151;
  • Ош шаары - 36;
  • Ош облусу - 14;
  • Нарын облусу - 9;
  • Жалал-Абад облусу - 21;
  • Талас облусу - 1;
  • Баткен облусу - 19;
  • Ысык-Көл облусу - 25.

Вируска кабылгандардын бирөө сырттан келсе, калганы бейтаптар менен байланышта болгондор.

Ушуну менен республика боюнча COVID илештирип алгандардын жалпы саны 6 767ге жетти. Анын 2 655и айыгып, 76 киши көз жумду. Акыркы маалымат боюнча 638 бейтап стационарда дарыланып жатса, анын 19у реанимацияда.

Ал эми үй карантининде 3 398 киши дарыланууда.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз