БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Өткөн сутка ичинде коронавирустан каза болгон 10 бейтаптын бешөө Ысык-Ата районунда катталды. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, беш кишинин үчөө 64, 66, 80 жаштагы эркек кишилер жана 62, 63 жаштагы аялдар болгон.
Ал эми Ноокат аймактык ооруканасында 59 жаштагы аял, медицина кызматкери көз жумган.
Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасынан 58 жаштагы аял, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында 54 жаштагы эркек киши каза тапкан.
Бир суткада 23 адам пневмониядан каза болуп, жалпы саны 120га жетти
Ошондой эле жаштардын дагы өлүмү катталган. Ош шаарынын клиникалык ооруканасында 33 жашта аял, Кызыл-Кыя аймактык ооруканасында 33 жаштагы киши коронавирустан айыга албай өмүрү менен кош айтышкан. Бул Баткенде коронавирус жуктурган бейтаптын каза болгон биринчи учуру.