Радио

Пульмонолог: азыркы пневмония — COVID-19 вирусу чакырган илдет

Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан сырткаркы башкы пульмонологу, профессор Талант Сооронбаев учурда күчөп жаткан пневмония оорусунан дарылануу ыкмаларын айтты.
Sputnik
Пульмонолог: азыркы пневмония — COVID-19 вирусу чакырган илдет

Азыр жүрүп жаткан пневмонияны COVID-19дан бөлүп кароого болбойт. Экөө бир оору. Мындай пикирин Талант Сооронбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ПЦР-тесттер COVID-19 вирусун көрсөтпөгөн учурда деле, эгер пневмония бар болсо, аталган дартка кабылган болуп эсептелет.

Пульмонолог Сооронбаев: 30 жыл иштеп мындай пневмонияны көргөн эмесмин

"Коронавирус өзүнчө, азыр курч жүрүп жаткан пневмония өзүнчө деп ойлоо жаңылыштык. Азыркы пневмониянын козгогучтары бактерия же микроб эмес, ошол COVID-19 вирусу болуп жатат. Ошондуктан "атипичная внебольничная пневмония" же болбосо башка типтеги пневмония деп аталат. Оору өпкөнүн кан тамырларында тромбдорду пайда кылып, жыйынтыгында аба алмашуу керектүү деңгээлде жүрбөй, адамга кычкылтек жетпей демигип калат. Ошондуктан өлүмдүн саны да көп болууда. Бул жерде адамдар антибиотиктерди ичүү менен дарыланам деп адашып жатышат. Вируска ал дарылар жардам бербейт. Эгер белгилери байкалып дене табы көтөрүлсө, дароо үй-бүлөлүк врачтарга телефон чалуу керек. Ошолор айткан гана дары-дармектерди, башкысы, канды суюлтуучу препараттарды ичүү керек", — деди Сооронбаев.

Дарыгер вирус жуктуруп албаш үчүн обочолонуу, санитардык эрежелерди так сактоо керектигин кошумчалады.