БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик ишканасынын Бишкектеги жана Чүйдүн эки жериндеги бөлүмдөрү биринчи күндөн тарта карантинге жабыларын Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.
Ага ылайык, мындай чечим коронавирустун жайылышын азайтуу максатында, ошондой эле "Унаа" ишканасынын кызматкерлеринен дагы оору чыккандыгына байланыштуу кабыл алынган.
Тойкана, түнкү клубдар жабылат. Баш ийбесе жарыгы, суусу өчүрүлмөй болду
"COVID-19 инфекциясынын массалык түрдө жайылып кетишине жол бербөө үчүн ишкананын Бишкек шаардык бөлүмү менен Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорундагы бөлүмдөрү 6-июлдан 19-июлга чейин карантинге жабылат. Мындан тышкары, борбордогу бөлүмдүн регион аралык секторунун ("Риом" унаа базары) иш күндөрү кыскартылып, ишемби, жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү гана иштемей болду", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле биринчи күндөн тарта "Унаа" ишканасынын борбордук аппараты дистанттык түрдө эмгектене баштайт. Бирок ишкананын аймактардагы бөлүмдөрүнө көз салып туруу үчүн аз сандагы кызматкерлердин курамында нөөмөттөр уюштурулат.
Эгерде ишканага байланыштуу суроолор болсо, 0 312 633174 жана 0312 633931 телефон номерлери аркылуу кайрылууга болот.