ТИМ Кытайдан келе албай жаткан кыргызстандыктар боюнча үн катты

ТИМдин билдиришинче, июнь айынын ортосунда Кытайдан 30га жакын адам кайтуу ниетин билдирген. Каттамда жүргүнчүлөр канчалык аз болсо, билеттер ошончолук кымбатка түшөрү белгиленди.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Кытайдан келе албай жаткан мекендештердин абалы боюнча билдирүү жасады.

ТИМ белгилегендей, чек аралардын жабылганына байланыштуу кыргызстандыктарды мекенге кайтаруу кыйын болууда. Бирок мекеме анын бир нече жолун караштырып жатат.

"Мекендештерди кайтаруунун варианттарын азыр ачык айта албайбыз. Себеби элдин оюн адаштырбашыбыз керек", — деп айтылат маалыматта.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, июнь айынын ортосунда ал жактан 30га жакын адам өлкөгө кайтуу ниетин билдирген.

"Мындай сан менен чартердик рейсти уюштуруу мүмкүн эмес. Бөтөнчө пандемияда чек аранын жабылышына байланыштуу анын ишке ашышы кыйын. Каттамда жүргүнчүлөр канчалык аз болсо, билеттер ошончолук кымбатка түшөт", — деп айтылат маалыматта.

ТИМдин консулдук кызматы жарандарды кабыл алууну токтотту. Байланыш жолдору

КРдин Кытайдагы элчилиги мекенине кайтууну каалаган жарандар (алардын көпчүлүгү студенттер) жөнүндө маалымат чогултууну улантууда. Дипломатиялык өкүлчүлүк +8 (6106) 468-13-48, + 8 (61358) 190-28-01, +8 (61861) 173-63-40 номерлерине чалууну өтүнөт. Ошондой эле kgembassy.cn@mfa.gov.kg дарегине дагы кат жазса болот. Ал жакка аты-жөнүн, паспорттун көчүрмөсүн жана номерин, туулган жылын, Кытайга барган максатын, уюлдук телефонунун номерин жана Кыргызстанга кайтуусунун себебин жазышы керек.

Элчилик кырдаал тууралуу жарандарга маалымат берип турат. Мындан тышкары, Кытайдагы университеттердин жетекчилерине окуусун бүтүп жаткан студенттерди жатаканада жайгаштырып турууну өтүнгөн.