Облуста жалпысынан алганда абал туруктуу. Башында карантин киргизилип, жергиликтүү калк эрежелерди жакшы сактап берди. Натыйжада май айынын аягынан баштап оору менен күрөшүүдө жакшы жыйынтыктарга жетиштик. Тилекке каршы, сырттан келгендердин агымы менен кайрадан вирус пайда болду. Бул тууралуу Узарбек Жылкыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунана билдирди.
Анын айтымында, облус боюнча 2000ге жакын обсервациялык орун даярдалган.
"Коронавирус менен күрөшүүдө жалпысынан облус боюнча абал туруктуу. Райондордогу ооруканаларда орундар жетиштүү. Ош шаарында гана вирус жуктуруп алгандардын саны көбөйүп жатат, бирок мунун себеби бар. Россиядан жана башка жактардан учуп келген эмгек мигранттары жана оор жүк ташуучу айдоочулардан инфекциянын аныкталып жатышы шаардагы ооругандардын статистикасын көбөйтүп жиберүүдө. Ошондой эле Ош шаарына Жалал-Абаддан келип иштегендер да көп. Дагы бир учур, кошуна мамлекеттерден келген жарандар ооруп калган учурда да облуста дарыланып, каттоого алынып жатат. Мисалы, Тажикстандан Чүйгө келе жаткан 10 жарандын тогузунан вирус аныкталып, Өзгөн аймактык ооруканасында дарыланып, айыккан соң үйлөрүнө узатып койдук. Ал эми жалпы жергиликтүү тургундар арасынан көбүнесе муниципалдык, мамлекеттик кызматкерлер арасынан чыгып жатат. Анткени алар эл менен аралашып иштешет да. Дартка чалдыккандардын 100дөйү ооруканаларда жатса, жарымынан көбү айыгып чыгып кетти. 25тей жаран оорунун симптомдору жеңил өткөндүктөн үйүндө дарыланышууда. Калкка медициналык жардам көрсөтүү үчүн 118 номери тынымсыз иштеп жатат. Мындан сырткары, 154 кыска номери аркылуу жарандар түрдүү социалдык суроолоруна жооп ала алышат", — деди Жылкыбаев.
Губернатор облуста аш, той өткөрүп жиберген учурлар да катталганын, эми мындай кадамга баргандар катуу жазага тартыларын кошумчалады.