CОVID менен күрөшүү: Кыргызстанга Роспотребнадзордун өкүлдөрү келди

Делегация коронавирустун жайылуусуна бөгөт коюу боюнча биргелешкен аракеттерди талкуулоо үчүн келди.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Коронавируска каршы биргеликте күрөшүү үчүн Бишкекке Роспотребнадзордун делегациясы келгенин Россиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Топтун башында Роспотребнадзордун жетекчисинин орун басары Вячеслав Смоленский турат.

Бишкекке жардам берүү үчүн аймактардан дарыгерлер келмей болду

Маалыматта Россия тарап инфекциянын бар-жогун аныктай турган тест-системалардын партиясын тапшырары айтылат.

Роспотребнадзор КМШ өлкөлөрү үчүн COVID менен күрөшүү боюнча консультацияларды өткөрмөкчү.