Өткөн суткада 87 киши вирусту жеңип, үйлөрүнө жиберилди

Ушуну менен Кыргызстанда айыккандардын жалпы саны 2 530 болду. Алардын кайталап алган анализдери таза чыкканы белгиленди.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Акыркы суткада өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын ичинен 87 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Бүгүн Кыргызстанда дагы 526 кишиден коронавирус чыкты

Республика боюнча жалпы 2530 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Ооруну жеңгендердин саны:

  • Бишкек шаарында — 17;
  • Чүй облусунда —15;
  • Ош шаарында — 25;
  • Ош облусунда — 3;
  • Нарын облусунда — 5;
  • Жалал-Абад облусунда — 16;
  • Талас облусу — 6.

Кыргызстанда болуп жаткан окуялар жана акыркы маалыматтар менен Telegram каналыбыздан таанышып туруңуздар.