Бишкектин Октябрь районунун акими Ситников кызматынан бошотулду

Ситников ден соолугунун начарлап кеткенине байланыштуу кызматын тапшырган. Буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы Октябрь райондук администрациясынын башчысы Максим Ситников кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эртеңден тарта Бишкек катаал карантиндик режимге өтөт. Чектөөлөрдүн тизмеси

Билдирүүгө ылайык, аталган буйрукка Бишкек мэри Азиз Суракматов кол койду. Ситников ден соолугунун начарлап кеткендигине байланыштуу кызматын тапшыргандыгы айтылууда.