Бишкекте дем алыш күндөрү медиктерге транспорт уюштурулат

Бишкек мэриясы буга чейин дем алыш күндөрү автобус, троллейбус жана маршруттук унаалардын жүрүүсүн чектеген чечим кабыл алган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Өкмөт Бишкекте коомдук транспорт жүрбөгөн дем алыш күндөрү (ишемби, жекшемби) медицина кызматкерлери үчүн атайын транспорт уюштурат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

“Медицина кызматкерлери үчүн транспорт уюштурулат. Бул маселе боюнча Саламаттык сактоо министрлиги менен мэрия биргеликте иш алып барууда”, — деди премьер.

Бишкек мэриясы буга чейин баш калаада дем алыш күндөрү автобус, троллейбус жана маршруттук унаалардын жүрүүсүн чектеген чечим кабыл алган. Пандемия башталгандан бери коронавируска чалдыккандардын саны Кыргызстанда 6 261ге жетти. Оорудан 66 жаран каза болуп, 2 530 киши сакайып чыккан.

Өкмөт башчы: медиктер үчүн уюштурулган окуудан өткөндөр ишке киришти

Мындан сырткары, пневмонияга кабылып, ооруканага түшкөндөрдүн саны күн сайын өсүүдө. Март айынан бери бул оорудан 97 киши каза болду.